Редакцияот 30.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 30-сентябры № 395-б

1. Бишкек шаарында 2001-жылдын 21-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Баңгизаттарды контролдоо жөнүндө жана укук колдонуу жаатында көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууга № 13 оңдоонун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарынын рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы А.Б.Мамыркуловго аталган № 13 оңдоонун долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев