Редакцияот 30.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 30-декабры № 397-б

Чүй суусунун сол жээгин коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 509 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп жөнүндө" токтомуна ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен Чүй суусунун сол жээгин коргоо боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 40713900 (кырк миллион жети жүз он үч миң тогуз жүз) сом бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев