Редакцияот 11.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 11-декабры № 486-б

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын коллектордук-дренаждык тарамдарып оңдоо-калыбына келтирүү жумуштары үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине 2013-жылдын IV кварталында 2,8 млн (эки миллион сегиз жүз миң) сом бөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти 2013-жылы 2,8 млн (эки миллион сегиз жүз миң) сом суммасындагы Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын коллектордук-дренаждык тарамдарын оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын ишке ашырсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев