Редакцияот 18.12.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 18-декабры № 494-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (Дүйнөлүк банк) ортосундагы Мамлекеттик сектордогу ички аудит долбоору үчүн потенциалды өнүктүрүүгө Эл аралык өнүктүрүү фондунун (ЭӨФ) гранты - № TF012781 ЭӨФ гранты - жөнүндө Макулдашуу-Каттын расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине жогоруда аталган Макулдашуу-Каттын долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

            Премьер-министр

Ж.Ж. Сатыбалдиев