Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-майы № 166-б
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 22-23-апрелинде Москва шаарына (Россия Федерациясы) Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын он бешинчи отурумуна катышуу үчүн жумушчу визитине байланышкан чыгымдарды жабууга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына 1 036 340 (бир миллион отуз алты миң үч жүз кырк) сом бөлүнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |