Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 6-майы № 162-б
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өлкөнүн региондорунан аксакалдар менен жолугушуу өткөрүүгө, ошондой эле Апрель элдик революциясынын үч жылдыгына арналган иш - чараларга байланыштуу чыгымдарды жабууга тиркелген чыгымдардын сметасына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан 998 200 (тогуз жүз токсон сегиз миң эки жүз) сом бөлүнсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |