Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-сентябрындагы № 511-т тескемесине КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 24-майы № 196-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16-августундагы № 39-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарында тейленүүчү кызмат орундарынын жана адамдардын тизмесинде:

бүткүл тексти боюнча:

"Президенттин Администрациясы" деген сөздөр "Президенттин Аппараты" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"(*)", "(**)" белгилери алып салынсын;

23-пункту "мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "инспекциялардын жана" деген сөздөр менен толукталсын;

52-пункту төмөнкүдөй мазмунда берилсин:

"52. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын кеңешчилери жана жардамчылары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Иш башкармалыгы.";

71, 76-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортторунун расмий делегациялар залдарына жанаша аймакка кызматтык автомобили менен кирүү укугуна ээ кызмат адамдарынын тизмесинде:

бүткүл тексти боюнча:

"(*)" белгиси алып салынсын;

5-пунктундагы "Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр "Президентинин Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

төмөнкү мазмундагы 11-пункт толукталсын:

"11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр.";

он биринчи абзацы күчүн жоготту деп табылсын;

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун аэропортунун расмий делегациялар залында көрсөтүлгөн кызматтар үчүн төлөө боюнча нускамада:

бүткүл тексти боюнча:

"Президентинин Администрациясынын" деген сөздөр "Президентинин Аппаратынын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

"(*)", "(**)" белгилери алып салынсын;

2-пункту:

төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчиси;";

төмөнкү мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппарат жетекчисинин орун басарлары;";

төмөнкү мазмундагы он төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери;";

он тогузунчу абзацы "мамлекеттик" деген сөздөрдөн кийин "инспекциялардын жана" деген сөздөр менен толукталсын;

жыйырма жетинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш башкаруучусу жана анын орун басарлары;";

13-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы катышкан иш-чаралар да Чоң залда өткөрүлөт.

Иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын катышуусунда өткөрүү бир учурда пландалса, анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы катышкан иш-чаралар Кичи залда өткөрүлөт.";

14-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы жана анын орун басарлары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басарлары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары" деген сөздөргө алмаштырылсын;

эскертүүнүн төртүнчү жана бешинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев