Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 7-июну № 232-б
"Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун дүң кирешесине салык боюнча алдын ала төлөм катары 30 (отуз) миллион АКШ долларын төлөө тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Кумтор Голд Компани" жабык акционердик коомунун ортосунда жетишилген макулдашууга ылайык:
1. Дүң кирешеге салык боюнча алдын ала төлөө тууралуу ырастаманын тиркелген долбоору (мындан ары - Ырастама) жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына аталган Ырастамага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга жана мындан ары Ырастамаларга, мурда берилген 30 (отуз) миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү авансты зачет кылуу мөөнөттөрүн өзгөртүүгө тиешелүү бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |