Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 19-июну № 253-б
"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун (мындан ары - "Кыргызалтын" ААК) иштеп жаткан алтын казып алуу ишканаларын кирешеге (түшкөн акчага) салыктан бошотууга карата "Кыргызалтын" ААКынын кайрылуусун иликтөө максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Касымалиев A.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Таткулов Т.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
Абдрахманов С.У. | - | "Кыргызалтын" ААКынын башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Айдаралиева Р.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары; |
Асанов С.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министринин орун басары; |
Маралбаев A.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары; |
Сыдыков A.К. | - | Эл аралык ишкерлер кеңешинин башкы юристи (макулдашуу боюнча); |
Шаршеналиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары. |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир айлык мөөнөттө "Кыргызалтын" ААКынын ишканаларына баруу менен кайрылууну иликтесин жана "Кыргызалтын" ААКынын иштеп жаткан алтын казуучу ишканаларын кирешеге (түшкөн акчага) салыктан бошотуу боюнча сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссияга белгиленген тартипте министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга укук берилсин.
4. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин жалпы уюштуруу-техникалык камсыздоо "Кыргызалтын" ААКына жүктөлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө, экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |