Загрузка документа…
КР Президентинин 2013-жылдын 27-августундагы ПБ № 112 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-марты ПБ № 45
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 25-февралындагы № 37 буйругу менен түзүлгөн укуктук саясат Концепциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамына төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасынын юстиция министри - жумушчу топтун жетекчисинин орун басары" деген позициядан кийин төмөнкү мазмундагы позиция менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлү - жумушчу топтун жетекчисинин орун басары.";
- "Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги Ыйгарым укуктуу өкүлү" деген позиция күчүн жоготсун;
- "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары" деген позициядан кийин төмөнкү мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын сот органдары бөлүмүнүн башчысы;";
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары" деген позициядан кийин төмөнкү мазмундагы позициялар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы туруу боюнча Башкы башкармасынын зардалынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Укук жана кылмышты талдоо Башкы башкармасынын зардалынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин илимий-изилдөө борборунун зардалы;".
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
Р.Отунбаева |