Редакцияот 05.06.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2013-жылдын 5-июну № 230-б

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы №134 "Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде, ошондой эле Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарын пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Бишкек шаарынын «Тунгуч» кичи районундагы 135 батирлүү бир 9 кабат турак үйдүн курулушуна Талас, Нарын жана Бишкек шаарларында 2010-жылдын 6-7-апрелинде жана Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын 13-14-майында болгон окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-булө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан колдоо үчүн атайын эсептин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жарандык-турак жай департаментине 10 000 000 (он миллион) сом бөлүп берсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев