Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 19-марты № 108
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмүндөгү кадрдык өзгөрүүлөргө байланыштуу:
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 9-июлундагы № 270 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Кыргыз Республикасынын тышкы карызын жоюунун элдик эсеби" эсебин администрациялоо үчүн Байкоочу кеңештин курамына төмөнкү адамдар киргизилсин:
Нишанов Абдуалим Тажибаевич - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;
Ахматов Баходир Сабирович - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыз жана активдер башкармалыгынын начальниги.
- Байкоочу кеңештин курамынан М.Т.Мамбетжанов, Б.Э.Сатыбеков чыгарылсын;
- Зулпуев Саидбек Мейраждиновичтин кызматы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"финансы министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору".
Премьер-министри | И.Чудинов |