Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 5-августу № 246
Автобустар жана алардын запастык бөлүктөрү түрүндө чет өлкөлүк кредиттерди алган автотранспорт ишканаларында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу максатында:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) төмөнкүдөй курамда түзүлсүн:
Кожошев А.О. | - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси,
|
Маматалиев А.М. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары,
|
Баденов Б.О. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директорунун орун басары,
|
Дыйканов М.Д. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин финансы-экономикалык өнүктүрүү жана контролдоо башкармалыгынын начальниги,
|
Манаев А.С. | - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун өнөр жай кредиттерин кайтаруу бөлүмүнүн начальниги,
|
Дүйшебаев А.Д. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин экономикалык өнүктүрүү жана ички аудит бөлүмүнүн башчысы,
|
Үметалиев Ж.К. | - «Транс-Союз-Азия» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча),
|
Сатыбалдиев А.А. | - «Токмок-ПАТП» ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ эки айлык мөөнөттө:
- автотранспорт ишканаларынын финансы-экономикалык абалын жана өндүрүштүк иш-аракеттерин изилдесин, автобустар жана алардын запастык бөлүктөрү түрүндө чет өлкөлүк кредиттерди алган автотранспорт ишканаларында түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча механизмдерди иштеп чыксын;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топтун жетекчисине мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин белгиленген тартипте ишке тартуу, ошондой эле алардан зарыл маалыматтарды сурап алуу укугу берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | И.Чудинов |