Редакцияот 09.02.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2011-жылдын 9-февралы № 81

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 22-апрелиндеги № 209 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коллегиясынын курамына төмөнкүлөр киргизилсин:

Кыдыралиев Тимур Эламанович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн эксперти;

Бейшембиев Мухтар Сатыбалдиевич, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам башкармалыгынын башчысы;

Молдокматов Мирлан Абасканович, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин директору;

Кушбаков Дамирбек Шамшидинович, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Атомдук жана радиациялык коопсуздук боюнча агенттиктин директору;

- коллегиянын курамынан Б.Э.Ажикеев, Р.Г.Асанходжаев, Ж.А.Иманов, Д.Ш.Кушбаков чыгарылсын:

 

Премьер-министри

А.Атамбаев