Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 17-февралы № 121
Төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:
- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Россия Федерациясына (2010-жылдын 26-28-декабры) жана Казакстан Республикасына (2011-жылдын 4-февралы) визитин, Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-россия комиссиясынын кезектеги 12-жыйынын (2011-жылдын 10-февралы) даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн:
Сыдыкова Гүлмира Ракыевнага - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
Эсеналиев Алмазбек Шүкүрбековичке - Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси;
Рец Татьяна Борисовнага - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын начальниги;
Коңурбаев Мирлан Алиаскаровичке - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын протоколдук иш-чараларды уюштуруу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
- Кыргыз Республикасына Түркия Республикасынын Премьер-министри Р.Т.Эрдогандын расмий визитин жана Кыргыз-Түркия бизнес-форумун (2011-жылдын 1-2-февралы) даярдоого жана өткөрүүгө активдүү катышкандыгы үчүн:
Молдоисаева Миргүл Родбековнага - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;
Чороев Кубат Арстанбековичке - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин протоколунун эксперти;
Асангул Бакытка - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөрү департаментинин биринчи секретары;
Маматбеков Айбек Бекбоевичке - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Мамлекеттик протокол департаментинин биринчи секретары;
Мурзаев Кубат Садырбековичке - Кыргыз Республикасынын Экономикалык жөнгө салуу министрлигинин инвестициялык саясат башкармалыгынын начальниги;
Данияров Майрамбек Мурсакматовичке - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын мамлекеттик сатып алуулар бөлүмүнүн референти;
- Өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу Египет Араб Республикасынан (2011-жылдын 9-февралы) Кыргыз Республикасынын жарандарын ийгиликтүү эвакуациялаганы үчүн:
Эркин Айдитке - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директору;
Имангазиев Алмаз Кулубековичке - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин мекендештер жана мигранттар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы;
Ботбаев Абдулазиз Нарынбековичке - Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королчулугундагы Элчилигинин экинчи секретары;
Токтобекова Мариям Токтобековнага - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин мекендештер жана мигранттар менен иштөө боюнча бөлүмүнүн атташеси;
Усупбаев Алмазбек Зиявидиновичке - Кыргыз Республикасынын Сауд Аравия Королчулугундагы Элчилигинин атташеси.
Премьер-министри | А.Атамбаев |