Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 22-июну № 322
Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын түзүлгөн күнүнүн 85 жылдыгын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүлгөн күнүнүн 20 жылдыгын майрамдоонун урматына ак ниет жана үлгүлүү кызмат өтөгөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төмөнкү аскер кызматчыларына жана кызматкерлерине алкыш жарыялансын:
Абаев Марат Шамиловичке - улук лейтенант, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин Ош облустук өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү жана техникалар боюнча бөлүмүнүн инспектору;
Абдураимов Азатбек Маматжановичке - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Токтогул шаарчасындагы "Куткаруу кызматынын" начальниги;
Аманбаев Болот Жалиловичке - полковник, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын начальниги;
Анарбаев Мамасабыр Рашовичке - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин Жалал-Абад облустук өрт коопсуздугу боюнча башкармалыгынын Таш-Көмүр шаарынын өрт коопсуздугу боюнча № 56 өрт өчүрүү бөлүмүнүн начальниги;
Арзымаматов Бакытбек Амангелдиевичке - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин өрт өчүрүү техникасы жана жабдуулары бөлүмүнүн начальниги;
Гүлжигитов Абдыбаннап Туйгуналиевичке - улук лейтенант, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын уюштуруу-мобилизациялык бөлүмүнүн офицери;
Калыбеков Жаныбекке - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борбору" мамлекеттик ишканасынын коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча инженери;
Мейманов Эркинбек Ойдочектиевичке - подполковник, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин Бишкек шаардык өрт коопсуздугу башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Сулайманов Искендер Кубатовичке - улук лейтенант, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кадрлар башкармалыгынын уюштуруу-мобилизациялык бөлүмүнүн начальниги;
Эрматов Азамат Жеңишовичке - полковник, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрт коопсуздугу боюнча агенттиктин Чүй облустук өрт коопсуздугу башкармалыгынын начальниги.
Премьер-министри | А.Атамбаев |