Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2011-жылдын 24-августу № 409
Автомобиль менен жүк ташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Исаков Э.А. | - Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри, жумушчу топтун төрагасы. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:
Пономарев С.В. | - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
|
Кулматов К.К. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
|
Муратбеков К.К. | - Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
|
Жээнбеков С.Ш. | - Ош облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;
|
Акматов А.Т. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт башкармалыгынын начальниги;
|
Аскар уулу Мирлан | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы иштерин уюштуруу башкы башкармалыгынын начальниги;
|
Мамбеткожоев Ш.С. | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын инфраструктураны жана бажы жанындагы кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы инспектору;
|
Таштаналиев Э.М. | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Кыргызинтранс» эл аралык автомобилдик ташуулар департаментинин директору;
|
Дөлөталиева Д.Т. | - «Дордой» соода-базар комплексинин бириккен ишкерлер профсоюздук комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Шабданалиев Т.М. | - Кыргызстандын Ташуучулар ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Турсуниязов А.К. | - «Айдоочу» коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Чондоев О.Д. | - «Калыс» коомдук фондунун тең төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ автомобиль менен жүк ташууларга байланышкан маселелерди комплекстүү иликтесин жана 2011-жылдын 1-сентябрына чейинки мөөнөттө макулдашылган сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына киргизсин.
3. Жумушчу топтун жетекчисине белгиленген тартипте мамлекеттик органдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга, ошондой эле зарыл маалыматтарды сурап алууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | А.Атамбаев |