Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2014-жылы 28-майы №178
Ош шаардык кеңешинин
төрагасынын орун
басарларын шайлоо
жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарларынын орундары бошогондугуна байланыштуу, Ош шаардык Кеңешинин депутаттык фракцияларынын сунуштарынын негизинде, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Улуттар биримдиги» партиясынан Иминов Аманылло Розыбаевич, «Замандаш-Современник» партиясынан Мамбетов Камчыбек Айтанович, «Адилеттүү Кыргызстан» партиясынан Садыкова Гүлмира Абдуллаевна, «КСДП» партиясынан Турдуев Рысбек Акунбаевичтер Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басарлары болуп шайланышсын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Сапаралиев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (К.Жамалов).
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага жүктөлсүн.
4. Токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Ош шаардык кенешинин төрагасы: |
У.Примов |