Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 19-декабры № 497-б
Анкара шаарында 2006-жылдын 5-сентябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Туркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасындагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин иши жөнүндөгү макулдашуунун негизинде, Кыргыз Республикасындагы ТИКА программаларынын координациялык офисинин ишине комок көрсөтүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы:
- Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 193 дареги боюнча жайгашкан мамлекеттик административдик имараттан ТИКА программаларынын координациялык офисине аянты 115 кв.м болгон кызматтык- жайларды (4 кабинет) коммуналдык кызматтарга жана пайдалануу сарптоолорун төлөө менен акысыз пайдалануу келишиминин шарттарында берсин;
- аталган келишимде бул келишим анын субъекттеринин 2006-жылдын 13-декабрынан тартып пайда болгон мамилелерине карата колдонулаары жөнүндө жобону караштырсын.
2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |