Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2013-жылдын 24-декабры № 507-б
1. Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө мамлекеттердин ортосундагы сот актыларын, башка органдардын жана кызмат адамдарынын актыларын мажбурлап аткартууну ишке ашырууда укуктук жардам көрсөтүү жана маалымат алмашуу боюнча кызматташтык жөнүндө Макулдашуунун расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын юстиция министрине принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан аталган Макулдашуунун долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Ж.Ж. Сатыбалдиев |