Редакцияот 19.01.2010
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2010-жылдын 19-январы № 24

1. Төмөндөгү адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин коллегия мүчөлөрү болуп бекитилсин:

Абдыраев Жолдошбек Матенович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин "Курулуштагы сертификация" республикалык борборунун директору;

Усубалиев Абдыкадыр - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик экспертиза башкармасынын начальниги;

Шаимбетов Жекшенбек Акматович - Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн Аппаратынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин даярдоо жана контролдоо боюнча башкармалыгынын өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2008-жылдын 21-февралындагы № 126 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.

 

Премьер-министр

Д.Үсөнов