Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
ТЕСКЕМЕ
2010-жылдын 7-августу № 23
(КР Премьер-министринин 2010-жылдын 18-ноябрындагы № 132 буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө зор салым кошкон, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, прозачы, мамлекеттик ишмер Асанбек Стамовдун сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамдагы комиссия түзүлсүн:
Садык Шер-Нияз - Кыргыз Республикасынын маданият жана маалымат министри, комиссиянын төрагасы;
Абдрахманов С.А. - Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Өмүркулов И.Ш. - Бишкек шаарынын мэри;
Алымбаев А. - Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы;
Раев С.А. - Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси;
Оторбаев К.Т. - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);
Надырбеков Б. - Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;
Эралиев С. - эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры (макулдашуу боюнча);
Жусуев С. - эл акыны, Кыргыз Республикасынын Баатыры (макулдашуу боюнча);
Касымбеков Т. - эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры (макулдашуу боюнча);
Садыков Ж. - эл акыны (макулдашуу боюнча);
Саламатов Т.С. - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору.
2. Жарандык коштошуу зыйнаты 2010-жылдын 9-августунда саат 10.00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өткөрүлсүн.
3. Бишкек шаарынын Ала-Арча көрүстөнү сөөк коюлуучу жер болуп аныкталсын.
4. Каза болгондун үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондусунан 100000 (жүз миң) сом бөлүнсүн.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р.Отунбаева |