Редакцияот 23.01.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 23-январы № 30

1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2010-жылдын 7-октябрындагы № 103 буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөндөгү адамдар Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясынын курамына киргизилсин:

Баев Эркин Кочкорович

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук башкы башкармасынын начальниги;

Касымбаев Нурбай Адиевич

-

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Өздүк курам менен иштөө боюнча башкы башкармасынын начальниги;

Скобеев Егор Леонидович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн инспектору.

- А.А.Рахманов жана А.С.Базарбаев Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коллегиясынын курамынан чыгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 29-октябрындагы № 497 буйругу күчүн жоготту деп эсептелсин.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев