Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин

2015-жылдын 7-майындагы  № 142 буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 1-апрели № 117

(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 26-июлундагы № 367, 2013-жылдын 28-октябрындагы № 500 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш (мындан ары - Кеңеш) төмөнкү курамда бекитилсин:

Сатыбалдиев Ж.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кеңештин төрагасы;

Т.Б.Мамытов

-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

Мамыркулов А.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Кеңештин катчысы катары киргизилсин.

Кеңештин мүчөлөрү:

Момуналиев Н.С.

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси-министр;

Салянова А.Ж.

-

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору (макулдашуу боюнча);

Омуралиев Т.Б.

-

Кыргыз Республикасынын коргоо министри;

Абдылдаев Э.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри;

Суранчиев А.Ш.

-

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри;

Боронов К.А.

-

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;

Лаврова О.В.

-

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Шыкмаматов А.Н.

-

Кыргыз Республикасынын юстиция министри;

Табалдиев Б.Б.

-

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук кооопсуздук комитетинин төрагасы.

(КР Премьер-министринин 2013-жылдын 26-июлундагы № 367, 2013-жылдын 28-октябрындагы № 500 буйруктарынын редакцияларына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 6-ноябрындагы № 840 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 19-ноябрындагы № 853 буйругу.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев