Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Премьер-министринин 2014-жылдын 14-апрелиндеги № 170 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2013-жылдын 28-июну № 302

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 20-мартындагы № 95 буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүүдө:

1-главанын үчүнчү абзацы "Тышкы саясатты" деген сөздөрдөн мурда "Юстиция," деген сөз менен толукталсын;

3-главада:

- аталышындагы "Атаханов Ш.Е." деген сөз "Мамытов Т.Б." деген сөзгө алмаштырылсын;

- үчүнчү абзацындагы "; юстиция; мамлекеттик каттоо" деген сөз алып салынсын;

4-главанын экинчи абзацы "техникалык коопсуздук" деген сөздөрдөн кийин ", мамлекеттик каттоо" деген сөздөр менен толукталсын;

- Ишин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, биринчи вице-премьер-министри жана вице-премьер-министрлери тейлеген жана координациялаган мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын тизмесинде:

1-глава төмөнкү мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин;";

3-главада:

- аталышындагы "Атаханов Ш.Е." деген сөз "Мамытов Т.Б." деген сөзгө алмаштырылсын;

- бешинчи жана он экинчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;

4-глава төмөнкү мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын:

"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын;".

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев