Редакцияот 24.01.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 24-январы № 97

"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык:

1. Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысынын-губернаторунун милдетин аткаруучу Асанакунов Мирбек Аскерович Ысык-Көл облусунун райондорунун мамлекеттик администрация башчыларынын-акимдеринин кызмат ордуна талапкерлерди райондук кеңештердин сессияларында сунуштоо боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин өкүлү болуп дайындалсын.

2. Ысык-Көл облусунун райондук кеңештерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген талапкерлерди кароо боюнча сессияларды өткөрүүнү уюштуруу сунушталсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ө.Бабанов