Загрузка документа…
КР Премьер-министринин
2012-жылдын 15-мартындагы № 316 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 2-февралы № 153
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын штаттык санын боло турган кыскартууга байланыштуу, жогорку кесипкөй жана моралдык сапаттарга жооп берген кызматкерлерди финансылык полиция органдарына кызматка тандоо максатында төмөнкү курамда комиссия түзүлсүн:
Оторбаев Ж.К. - Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, комиссиянын төрагасы;
Сариев Т.А. - Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Мусаев К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары - коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Зилалиев Д.Т. - Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары;
Мамыров Э.Т. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;
Ахметова Н.М. - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси;
Тарбинский О.С. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
Ошурахунова Д.М. - "Демократия жана жарандык коом үчүн" коомдук бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Мамбеталиева Т.Э. - "Интернет саясат жарандык демилгеси" коомдук фондунун директору (макулдашуу боюнча).
2. Комиссия эки айлык мөөнөттө жогорку кесипкөй жана моралдык сапаттарга жооп берген финансылык полиция кызматкерлерин тандоону жүргүзсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |