Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 7-февралы № 162
Чүй облусунун Жайыл районундагы Полтавка айыл кеңешинин депутаттарынын жамааттык даттануусун кароо, кайрылууда көрсөтүлгөн фактыларды текшерүү максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Бусурманкулов Э.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн башлчысынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы; |
Орозалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн инспектору, ведомстволор аралык комиссиянын катчысы. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Жуков М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр иштери бөлүмүнүн инспектору (макулдашуу боюнча); |
Есеналиев М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Нарусбаева У.Р. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Кожалиев К.Ж. | - | Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы. |
2. Ведомстволор аралык комиссия бир жумалык мөөнөттө Чүй облусунун Жайыл районундагы Полтавка айыл кеңешинин депутаттарынын кайрылуусунда баяндалган фактыларды калыс жана ар тараптуу изилдеп чыксын жана жыйынтыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигине билдирсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия зарыл учурда иш процессинде келип чыгуучу маселелерди чечүү үчүн министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |