Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2014-жылдын 11-февралы № 63
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоо боюнча милдеттерин аткарууда көрсөткөн эрдиги, ошондой эле кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн:
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төмөнкү аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлансын:
Ниязалиев Кайрат Мусаевич | - | 2022-аскер бөлүгүнүн оорук боюнча командиринин орун басары - бөлүм начальниги, подполковник; |
Кебекбаев Чолпонбек | - | 2001-аскер бөлүгүнүн ыкчам иштер бөлүмүнүн улук офицери, майор; |
Алибеков Юлдашали Жонибекович | - | 2003-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын командиринин орун басары, кенже лейтенант; |
Жигитали уулу Чынгызбек |
| 2051-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы 2-тобунун чалгынчысы, прапорщик; |
Маматалиев Нуржигит Акылбекович | - | 2001-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын чалгынчысы, прапорщик; |
Керимбаев Урматбек Сагынбекович | - | 2051-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы 1-тобунун чалгынчысы, прапорщик; |
Наврузов Мирлан Каныбекович | - | 2051-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы 2-тобунун чалгынчысы, прапорщик; |
Радмир уулу Нургазы | - | 2022-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчысы, кенже сержант; |
Кажимухан уулу Мурат | - | 2001-аскер бөлүгүнүн "Бөрү" атайын багыттагы отрядынын улук чалгынчысы, катардагы жоокер; |
Жусупов Урустамбек Мойдинович | - | 2022-аскер бөлүгүнүн коргоо жана тейлөө ротасынын улук айдоочусу, старшина. |
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |