Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 10-майы № 421
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын ишинин эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин иштин натыйжалары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине билдирмесинин форматы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин биринчи орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин баалоо критерийлери (1-тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчылардын ишин баалоонун тартиби жөнүндө жобо (2-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын ишин баалоо боюнча комиссияны (мындан ары - Комиссия) түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмү квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө төмөнкүлөрдү берип турсун:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын (мындан ары - Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчылары) ички эмгек күн тартибин сактоосу жөнүндө маалыматты;
- Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маалыматты.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын, өлкөнүн жетекчилигинин тапшырмаларынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин, фракцияларынын, депутаттарынын сурамдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жетекчилигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин министринин жана анын орун басарларынын протоколдук чечимдеринин жана тапшырмаларынын Өкмөттүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчылар тарабынан аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25ине чейинки мөөнөттө берип турсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери:
- бул буйруктун өз убагында аткарылышын камсыз кылышсын;
- жооптуу адамдарды аныкташсын жана аларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө баалоо жүргүзүү үчүн материалдарды даярдоо жана жалпылаштыруу боюнча функцияларды жүктөшсүн.
6. Бул буйрукка өзгөртүүлөр жана толуктоолор зарыл болгон учурда жогоруда аталган Комиссия менен макулдашылгандан кийин киргизилээри белгиленсин.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр Т.Н.Бековго жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |