Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-майы № 476
Кыргыз Республикасында финансылык системаны модернизациялоо боюнча долбоорду изилдөө максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Маматалиев М.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн башчысы; |
Кылжыев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Новиков А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Темирбеков М.А. | - | Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары - Кыргыз Республикасынын Борбордук казыначылыгынын директору; |
Мокенов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын башкы директору; |
Токобаев Д.С. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары; |
Шаикова А.К. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы "Инфо-Система" мамлекеттик мекемесинин директору; |
Надырбаев Н.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрагасынын кеңешчиси; |
Исмаилов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын директору; |
Викнянская Н.Н. | - | "Колвир" компаниясынын финансисти (макулдашуу боюнча); |
Богданов А. | - | "Колвир" компаниясынын финансисти (макулдашуу боюнча); |
Амерканов К.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн техникалык коопсуздук жана коммуникациялык технологиялар секторунун эксперти. |
2. Жумушчу топ үч жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын финансылык системасын модернизациялоо долбоорун ишке киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин.
3. Жумушчу топко мамлекеттик органдардан зарыл маалыматтарды сурап алууга, ошондой эле жумушчу топтун иштеринин алкагында адистерди тартууга укук берилсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |