Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 29-майы № 477
"Тянь-Шаньский" мамлекеттик асыл тукум заводунда түзүлгөн кырдаалдарды иликтөө, ошондой эле Нарын облусунун Нарын районундагы Лахол жана Жер-Көчкү айылдарынын тургундарынын кайрылуусун кароо максатында:
1. Төмөнкү курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич | - | Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Исакулов Жылдызбек Абдилахатович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадрлар иштери бөлүмүнүн башчысынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Маматканов Улан Эркинович | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнүн инспектору; |
Жээналы уулу Алмазбек | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти; |
Соронбаев Канатбек Табышевич | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин бөлүм начальнигинин орун басары; |
Мурадилов Жаңыбай Жылгарович | - | Нарын облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук оперкызматкери; |
Байтемиров Баялин Жанышович | - | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Республикалык мамлекеттик асыл тукум инспекциясынын директору; |
Нургазиев Рысбек Зарылдыкович | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору; |
Алымкулов Эмил Абдраимович | - | Нарын облусунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары; |
Турдубаев Таалайбек Жээнбекович | - | К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Мал чарбачылык жана жайыттар Кыргыз илимий-изилдөө институтунун директору; |
Жанбоев Түгөлбай Кадыкеевич | - | Нарын облусундагы Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким; |
Курманкожоев Мукамбетаалы Жунушалиевич | - | Нарын райондук кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдрахманов Кубат Абдрахманович | - | Нарын райондук кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Алиев Курманбек Макелович | - | Нарын облусундагы Нарын районунун Кара-Кужур айыл өкмөтүнүн башчысы (макулдашуу боюнча). |
2. Жумушчу топ эки жумалык мөөнөттө Нарын облусунун Нарын районундагы Лахол жана Жер-Көчкү айылдарынын тургундарынын кайрылуусунда баяндалган фактыларды иликтеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна тийиштүү сунуш киргизсин.
3. Жумушчу топ зарыл учурда министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана мекемелердин адистерин ишке тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жана агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |