Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 8-июну № 484
Бишкек шаарынын турак жай конуштарынын тургундарынын жер участкаларын мыйзамдаштыруу боюнча кайрылууларын карап чыгуу максатында:
1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык комиссия түзүлсүн:
Мусабеков А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары, комиссиянын төрагасы; |
Имашов Т.М. | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча), комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссия мүчөлөрү: | ||
Шаимбетов Ж.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнүн эксперти; |
Түмөнов А.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча бөлүмүнүн башчысы; |
Закиров А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жер инспекциясы башкармалыгынын начальниги; |
Адылбеков У.Э. | - | Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча); |
Алиев А.Т. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май райондук администрациясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Алымкулов Ч.Т. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов райондук администрациясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Өмүрбекова А.С. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Попиков О.В. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысы (макулдашуу боюнча); |
Бейшеналиева Н.Н. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын укуктук камсыздоо жана укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Тезекбаев М.Т. | - | Бишкек шаардык жер жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Абдыкаров А.А. | - | Бишкек шаарынын башкы архитектору; |
Болотбеков С.Б. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулушу департаментинин директору (макулдашуу боюнча); |
Сүйүмкулов Р.А. | - | Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш коомдук мамлекеттик башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча); |
Мамасадыков М.Н. | - | Бишкек шаарынын Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы врачы; |
Арыпбеков М. | - | Бишкек шаарынын Октябрь районунун турак жай конуштарынын өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Баймырзаева У.К. | - | Бишкек шаарынын Биринчи май районунун "Бугу Эне Багыш" турак жай конушунун өкүлү (макулдашуу боюнча); |
Бейшеналиева К.К. | - | Бишкек шаарынын Свердлов районунун "Ак-Тилек-Турбаза" турак жай конушунун кварталдык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Абдыкадырова Д. | - | Бишкек шаарынын Ленин районунун "Ак-Ордо" турак жай конушунун кварталдык комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча). |
2. Ведомстволор аралык комиссия белгиленген тартипте иштин жүрүшүндө пайда болгон маселелерди чечүү үчүн зарыл учурда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун адистерин тартууга укуктуу экендиги белгиленсин.
3. Ведомстволор аралык комиссия ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен келип түшкөн Бишкек шаарынын "Алтын Ордо" турак жай конушунун тургундарынын жана бир катар жаңы конуштардын өкүлдөрүнүн кайрылууларын карап чыксын.
4. Ведомстволор аралык комиссия эки айлык мөөнөттө иштин жыйынтыгы боюнча сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |