Редакцияот 31.10.2012
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

БУЙРУК

2012-жылдын 31-октябры № 836

Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнүн 88 жылдыгын майрамдоого карата ак ниет жана үлгүлүү кызматы үчүн:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан төмөнкүлөргө алкыш жарыялансын:

Иманакунов Медетбек Абдылдаевичке, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин маалыматтык саясат жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын кенже инспекторуна, милициянын улук сержантына;

Касымалиева Элмира Абдыжапаровнага, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын ички иштер органдарынын жашы жете элек балдардын иштери боюнча инспекциясынын улук участкалык инспекторуна, милициянын майоруна;

Тагаева Мээрим Нышанбаевнага, Нарын облусунун Жумгал районунун ички иштер органдарынын жашы жете элек балдардын иштери боюнча инспекциясынын улук участкалык инспекторуна, милициянын улук лейтенантына.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев