Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2012-жылдын 15-ноябры № 851
Көрүнүктүү коомдук-саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын экс-президенти, академиги, СССР илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Каракеев Курман-Гали Каракеевичтин сөөгүн коюуну уюштуруу үчүн:
1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:
Оторбаев Дж.К. - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-ми нистри, комиссиянын төрагасы;
Эркебаев А.Э. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президентинин милдетин аткаруучу, комиссиянын төрагасынын орун басары. |
Комиссиянын мүчөлөрү: | ||
Раев С.А. | - | Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кеңешчиси; |
Өмүркулов И.Ш. | - | Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу менен); |
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы; |
Плоских В.М. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; |
Жунушалиев Д.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых жана маданий мурас институтунун директору; |
Оторбаев К.О. | - | пенсионер (макулдашуу менен); |
Акунов Б.А. | - | пенсионер (макулдашуу менен). |
2. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- жарандык аза күтүү зыйнатын өткөрүүчү жер - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;
- сөөк коюучу жер - Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнү.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги автоунаалар колоннасынын жүрүшүнүн коопсуздугун камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармасы:
- сөөктү коюуга катышкандарды ташуу үчүн бир автобус берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан азагүл даярдасын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |