Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 2-майы № 136
2012-жылдын 1-майында Бишкек шаарында болгон "Жазгы байге" ат чабыш сезонунун ачылышы" майрамдык иш-чараны өткөрүүдө белеттерди сатуудан түшкөн акча каражат берилүүчү эки балдар үйүн аныктоо максатында:
1. Төмөнкүдөй курамдагы жумушчу топ түзүлсүн:
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси; |
Кенжебаев Б.Б. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү: | ||
Дербишева Г.Т. | - | Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министринин орун басары; |
Мамбетов К.Б. | - | Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары; |
Сооронкулов Г.У. | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Артыкова О.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперти. |
2. Жумушчу топ акча каражат берилүүчү эки балдар үйүн бир күндүк мөөнөттүн ичинде аныктасын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |