Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2012-жылдын 26-майы № 156
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын мамлекеттик кызматчылары кызматтык милдеттерин аткарууда эл менен иштөөнүн жана этиканын бийик маданиятын сактоо максатында, мамлекеттик кызматчылардын жүрүм-турумунун жалпы эрежелерин жетекчиликке алып:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын мамлекеттик кызматчыларынын тышкы көрүнүшү (дресс-код) жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин жана ал 2012-жылдын 1-июнунан тартып колдонууга киргизилсин.
2. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын кызматчыларын Мамлекеттик кызматчынын тышкы көрүнүшү (дресс-код) жөнүндө жобо менен тааныштырышсын жана анын талаптарын сактоону камсыз кылышсын.
3. Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишин камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын адистер тобунун кызматкерлерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнүн имаратындагы башка мамлекеттик органдардын жана уюмдардын кызматкерлерине жайылтылат.
4. Бул талаптар командировкага жиберилгендерге, стажерлорго, практиканттарга жана тартылган адамдарга жайылтылат. Алардын тышкы көрүнүшү үчүн жоопкерчилик тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине жүктөлөт.
5. Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүнө иш-чарага чакырылган журналисттерге жайылтылбайт.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгына келүүчүлөргө кийимдин иш стилин сактоо сунушталсын.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнүн мамлекеттик кызмат жана кадрлар секторуна жана регламент жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүнүн биринчи секторуна жүктөлсүн.
Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчиси-министр |
Т. Беков |