Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН
БУЙРУГУ
2011-жылдын 19-марты № 90
Эл аралык финансы уюмдары тарабынан каржылануучу өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу алкагында келген жүктөрдү бажылык тариздөө проблемаларына байланыштуу түзүлгөн кырдаалды жайгаруу максатында:
1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу топ түзүлсүн:
Касымалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министринин орун басары, жумушчу топтун жетекчиси; |
Алиев Б.А. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди түзүү башкармалыгынын начальниги; |
Шакиралиев Э.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бажы жол-жоболорун уюштуруу бөлүмүнүн начальниги; |
Карагул уулу Жакып | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысы; |
Рыскулова Ж.Ж. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин эл аралык-укук бөлүмүнүн башкы адиси; |
Сергеева Н.Д. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти; |
Кудабаев Т.З. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнүн салык жана бажы саясаты секторунун эксперти. |
2. Жумушчу топко зарыл учурда белгиленген тартипте аткаруу бийлик органдарынын адистерин, көз карандысыз эксперттерди жана консультанттарды ишке тартууга, ошондой эле аткаруу бийлик органдарынан иш үчүн зарыл маалыматтарды сурап алууга уруксат берилсин.
3. Жумушчу топ үч күндүк мөөнөттө ушул маселени иликтеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.
Министр - Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси |
Н. Момуналиев |