Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 24-январы № 15-б
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:
- "Талас шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" долбоорун каржылоо жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуунун долбоору;
- "Талас шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" долбооруна финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө Борбордук Азия боюнча Европа Союзунун Инвестициялык фондунун (IFCA) жана Глобалдуу экологиялык фондунун Климаттын өзгөрүшү боюнча атайын фондунун (SCCF) инвестициялык грантына карата Кыргыз Республикасынын жана Талас шаарынын мэриясынын жана "Таза-Суу" муниципалдык ишканасынын жана Европа кайра конструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын финансы министрлиги "Талас шаарын суу менен жабдууну жана канализациясын реабилитациялоо" долбоору боюнча Насыялык жана Гранттык макулдашууларда каралган бардык финансылык каражаттарды бирдиктүү жалпы сумма катары карасын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |