Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 3-февралы № 23-б
Фермердик чарбаларды инвестициялык жана техникалык колдоо, айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында:
1. Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Коомдук үрөнчүлүк фонддорун колдоо" долбоору боюнча Гранттык макулдашуу-каттын расмий тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын финансы министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу менен Гранттык макулдашуу-катка Кыргыз Республикасынын атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |