Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-февралы № 42-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн таламын талашуу максатында, Москванын соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждын (Россия Федерациясы, Москва) 2013-жылдын 13-ноябрындагы чечиминин үстүнөн даттануу зарылдыгына байланыштуу, ошондой эле "Сатаров, Аскаров жана өнөктөр" юридикалык компаниясы менен 2013-жылдын 29-январында түзүлгөн юридикалык кызмат көрсөтүү жөнүндө келишимге ылайык:
1. Сатаров Улан Мелисович, Аскаров Анвар Аскарович, Аленкина Наталья Борисовна Москванын соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Арбитраждын (Россия Федерациясы, Москва) 2013-жылдын 13-ноябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндө арызын кароодо ишти кароонун бардык стадияларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болууга дайындалышсын.
2. Сатаров Улан Мелисовичке, Аскаров Анвар Аскаровичке, Аленкина Наталья Борисовнага аталган иш боюнча соттук жыйындарда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан чыгуу укугуна ишеним кат берилсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |