Редакцияот 12.02.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 12-февралы № 43-б

Сатып алууларды жүргүзүүнүн зарылдыгына жана мөөнөтүнүн кыскалыгына байланыштуу, "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 3-пунктуна ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 27-январындагы № 17-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункт "юридикалык компанияны" деген сөздөрдөн кийин "бир булактан методу менен" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган буйрук менен түзүлгөн эл аралык юридикалык компанияны тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамына - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун директорунун орун басары Шерипов Нурлан Турганбекович киргизилсин;

- эл аралык юридикалык компанияны тандоо боюнча ведомстволор аралык комиссиянын курамынан Н.С.Үсөналиева чыгарылсын.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев