Редакцияот 19.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2014-жылдын 19-марты № 95-б

"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө доо койгон "Манас Банк" жабык акционердик коомунун акционери В.Белокондун жүйө-далилдерине эксперттик корутундуну даярдоо жана берүү боюнча көз карандысыз "Ист Стар Капитал" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү бир жумалык мөөнөттө жүргүзсүн жана келишим түзсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2014-жылга республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында көз карандысыз "Ист Стар Капитал" компаниясынын эксперттик кызматтарды көрсөтүүлөрү үчүн акы төлөөгө финансылык каражаттарды карасын;

- түзүлгөн келишимге ылайык көз карандысыз "Ист Стар Капитал" компаниясына 26630 "Соттун чечимдерин жана башка соттук жол-жоболорду аткаруу" беренеси боюнча акы төлөөнү жүргүзсүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө жана финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев