Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 150
Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
1999-жылдын 2-июну № 46
Кыргыз Республикасынын жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 11-майындагы № 78, 2011-жылдын 22-июлундагы № 119, 2012-жылдын 9-июнундагы № 80 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жер кодекси жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин колдонууга киргизилиши менен төмөндөгүлөр:
- Кыргыз Республикасынын Жер кодекси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 254-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 254-ст.);
- "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 19-апрелиндеги № 429-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 255-ст.);
- "Жер реформасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл № 8, 258-ст.);
- "Жер реформасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Законун колдонууга киргизүүнүн тартиби тууралу" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1991-жылдын 19-апрелиндеги № 433-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 8, 259-cт.);
- "Кыргыз Республикасынын Жер кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Закону (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-жыл, № 17, 527-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
3-статья.