Редакцияот 03.05.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН АППАРАТ-ЖЕТЕКЧИСИНИН-МИНИСТРДИН

БУЙРУГУ

2013-жылдын 3-майы № 96

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министрдин 2012-жылдын 9-октябрындагы № 278 буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1-главада:

- экинчи абзацындагы "маалыматтык саясатты," деген сөздөр "монополияга каршы саясатты, мамлекеттик каттоо, мамлекеттик материалдык резервдер жана региондук өнүктүрүү чөйрөсүндөгү саясатты," деген сөздөргө алмаштырылсын;

- жыйырманчы абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- маалыматтык камсыздоо бөлүмү;";

2-главада:

- биринчи абзацындагы "региондук өнүктүрүү," деген сөздөр "турак жай-коммуналдык чарба," деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзацы "курулуш," деген сөздөн кийин "архитектура, турак жай-коммуналдык чарба," деген сөздөр менен толукталсын;

- төртүнчү абзацы "инфраструктураны," деген сөздөн кийин "турак жай-коммуналдык чарбаны," деген сөздөр менен толукталсын;

3-главада:

- биринчи абзацындагы "социалдык саясатты жүргүзүү," деген сөздөр "маалыматтык, социалдык саясатты жана этностор аралык мамилелерди жүргүзүү," деген сөздөргө алмаштырылсын;

- экинчи абзацы "Аппаратынын" деген сөздөн кийин ", маалыматтык, этностор аралык мамилелер," деген сөздөр менен толукталсын.

 

Өкмөттүн Аппарат

жетекчиси- министр

 

Н.С. Момуналиев