Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2009-жылдын 16-марты № 105
Тапшырылган милдеттерин тийиштүү түрдө аткарышпаганы жана Кыргыз Респүбликасынын Президентинин алдындагы Инвестициялык кеңештин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун өз убагында аткарышпаганы үчүн:
1. Төмөндөгү адамдарга иштеги кемчиликтери көрсөтүлсүн:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору А.А.Давлеткельдиевге;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.З. Курманалиевге;
Кыргыз Республикасынын Айыл. суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спирт жана алкоголь продукциясын чыгapyy, сактоо жана сатуу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору А.Б.Баатырбековго;
Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантиндөө мамлекеттик департаментинин директору А.Г.Аргынбаевге.
2. Кыргыз Республикасынын Республикасынын ички иштер министри төмөндөгү aдaмдарга сөгүш иретиндеги тартиптик жазаларды берүү маселесин карашсын:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Бишкек шаардык юстиция башкармасынын начальниги Н.О.Кутмановго.;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармасынын начальниги Б.И.Борбиевге.
Жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына тиешелүү маалымат берилсин.
Премьер-министри | И.Чудинов |