Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 12-июну № 215-б
1. Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Ош - Баткен - Исфана автомобиль жолун кайра конструкциялоо долбоору боюнча (№ KYR-0048 долбоору) насыялык макулдашуунун расмий тилде тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлердү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган насыялык макулдашууга кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |