КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
БУЙРУК
2014-жылдын 29-марты № 45
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Советтер Союзунун Баатыры Тукубай Тайгараевдин эстелигинин постаментин куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин резервдик фондунан 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүнсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Ш. Атамбаев |