Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2010-жылдын 26-февралы № 64-б
Кыргыз элинин чыгаан уулу, саясый, мамлекеттик жана коомдук ишмер И.Р.Раззаковдун туулган күнүн 100 жылдыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 19-январындагы № 1571-III токтомун аткаруу үчүн:
1. 2010-жылдын март-май айларында республиканын ар бир айыл округунда, райондук борборунда, шаарларында 100 даанадан, ал эми Исфана шаарында 1000 даанадан бак тигүү уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жерлерди аныктоонун, бак тигилүүчү жерлерди долбоорлоонун, тигилген көчөттөрдүн сакталышы жана багылышы үчүн жоопкерчиликтин жана бул иш-чарага калкты кеңири тартуунун маселелерин иштеп чыгышсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги райондоштурулган тийиштүү породадагы сапаттуу көчөт материалы менен камсыз кылсын.
4. Көчөт материалы үчүн акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Жаратылышты коргоонун жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорунун каражаттарынан жүргүзүлсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д. Үсөнов |