КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2014-жылдын 26-майы № 183-б
Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолун куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн финансылык каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү долбоордук-сметалык документтерге ылайык Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу үчүн жер бөлүп берүүнү камсыз кылышсын.
2. Түндүк-Түштүк долбоорлонуучу альтернативдүү автомобиль жол огунун эки тарабынын 32 метр кеңдиктеги тилкесинде капиталдык объекттерди, ошондой эле жеңилдетилген объекттерди, анын ичинде жарнак конструкцияларын курууга, реконструкциялоого, кайра профилдөөгө жана кайра пландоого жер участокторун бөлүү жана уруксат берүүчү документтерди берүү бул объектти куруу толук аяктаганга чейин токтотула турсун.
3. Ысык-Көл облусунун Тоң районунун, Нарын облусунун Жумгал жана Кочкор райондорунун, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад, Нарын жана Ысык-Көл облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Түндүк-Түштүк альтернативдүү автомобиль жолун куруу үчүн жер бөлүп берүүдө көмөк көрсөтүү жана ушул буйруктун 2-пунктун аткаруу сунушталсын.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |